Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси дайындалды. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган жетекчиси Реми Дюфлодон ишеним грамотасынын көчүрмөсүн алды.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле эки тарапты кызыктырган түрдүү программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу пландарын талкуулашты.Медер Абакиров Европа Биримдиги менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, өлкө өз ара ишеним жана сыйлоо принциптеринин негизинде кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.
Реми Дюфло өз кезегинде байланыштар мындан ары да чыңдалаарына ишенерин билдирип, зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.