20:17
USD 87.45
EUR 101.31
RUB 1.07

Манас шаары келечекте борбор болуп калышы мүмкүнбү? Ташиевдин жообу

Манас шаары келечекте республикалык деңгээлдеги шаарга айланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мэрияда өткөн жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылы Манас Бишкек жана Ош шаарларынан кийинки үчүнчү республикалык маанидеги шаар статусун ала турганын белгиледи. Ал Жалал-Абаддын атын өзгөртүү анын келечектүү өнүгүүсүн жана өлкө үчүн маанилүүлүгүн эске алуу менен стратегиялык жактан туура чечим болгон деп эсептейт.

«Айрым саясатчылар «Манас» Кыргызстандын борбору болот деп айтышты. Эгер татыктуу болсок, эмнеге болбосун? Аны убакыт көрсөтөт. Бирок бул үчүн шаарды, элди психологиялык жактан даярдоо керек. Борбор болуу оңой эмес. Шаарга олуттуу каражат бөлүнөт, аны трансформациялоо, заманбап кылуу керек», — деди Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, шаарда өнүгүүгө багытталган курулуш жана инфраструктуралык иштер активдүү жүрүп жатат жана Манас Кыргызстандын эң заманбап жана өнүккөн шаарларынын бири болушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар