00:58
USD 87.45
EUR 101.25
RUB 1.07

Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси белгилүү болду. Ал Дональд Трамп эмес

Венесуэлалык Мария Корина Мачадо Нобель Тынчтык сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу Нобель комитети билдирди.

Мария Корина Мачадо Венесуэла парламентинин мурдагы депутаты. Сыйлык «Венесуэла элинин демократиялык укуктарын илгерилетүүдөгү талыкпас эмгеги жана диктатурадан демократияга адилеттүү жана тынчтык жолу менен өтүү үчүн күрөшү үчүн» ыйгарылды.

«Венесуэладагы демократиялык кыймылдын лидери Мария Корина Мачадо акыркы Латын Америкасындагы жарандык эрдиктин эң көрүнүктүү үлгүлөрүнүн бири. Ал бир кездеги терең бөлүнүп калган саясий оппозициянын негизги, бириктирүүчү фигурасына айланды. Бул оппозициянын эркин шайлоо жана өкүлчүлүктүү өкмөт талабы менен тил табыша алды», — деп айтылат Нобель комитетинин билдирүүсүндө.

Эске салсак, Нобель сыйлыгын алам деп үмүт кылган АКШнын президенти Дональд Трампка сыйлык берилген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар