17:54
USD 87.45
EUR 101.55
RUB 1.07

Шайлоо −2025: Дин өкүлдөрүнө үгүт иштерине катышууга жол берилбестиги эскертилди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров облустук жана райондук казылар менен жыйын өткөрдү. Муфтияттан билдиришкендей, жыйында ал дин өкүлдөрүнө парламенттик шайлоого катышууга жол берилбестигин эскертти.

«Алдыда шайлоо өнөктүгү келе жатат. Тиешелүү мамлекеттик мыйзамдарга ылайык, диний кызматкерлер үгүт иштерине катыша албайт. Ушул жагына абдан маани берели. Расмий дин кызматкерлерине толук жеткириңиздер. Имамдарыбыз үгүт иштерине тартылып же мечит-медреселерибизде саясий көрнөк-жарнактар болбошу керек», — деди КМДБ жетекчиси.

Азирети Муфтий мамлекет башчынын кайрылуусуна шилтеме жасап, шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптерде таза жана ачык-айкын болушу зарылдыгын кошумчалады.

Буга чейин шайлоо учурунда айрым диний лидерлер үгүт иштерине түз же кыйыр түрдө катышып, айрым талапкерлерди колдогон учурлар болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар