19:14
USD 87.45
EUR 101.25
RUB 1.07

БШК мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганын кайрадан эскертти

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларга, талапкерлерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө каршы дагы бир жолу эскертүү берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын маалыматына караганда, Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга дайындалып, шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганга чейин кайрымдуулук акцияларына, белек-бечкек, акча же башка материалдык байлыктарды таратууга, тымызын үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Мыйзам ошондой эле шайлоочуларды сатып алууга, диний жана этникалык ураандарды колдонууга, оппоненттерди каралоого жана жалган маалымат таратууга ачык тыюу салат. Бул мыйзамдарды бузган талапкерлер каттоодон чыгарылышы мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы таза атаандаштык жана шайлоо мыйзамдарын так сактоо алдыдагы шайлоонун легитимдүүлүгүнүн негизи экенин баса белгиледи.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөт. Шайлоо мажоритардык система боюнча өтөт: 30 көп мандаттуу округ боюнча ар биринен үчтөн 90 депутат шайланат. Орундардын бири аялга берилет. Талапкерлер саясий партиялар тарабынан же өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар