16:38
USD 87.45
EUR 101.55
RUB 1.07

Дональд Трамп: «Газадагы согушту токтотуу боюнча расмий келишимге кол коюлат»

Дональд Трамп ушул апта соңунда Египетке сапары учурунда Газадагы согушту токтотуу келишимине кол коюла турганын жарыялады. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттерге билдирди.

«Биз Египетке барабыз, ал жерде дагы бир келишимге кол коебуз. Буга чейин менин атымдан кол коюу бар болчу, бирок расмий кол коюу да болот. Эң таң калычтуусу ал жердеги бардык өлкөлөр, Катардан Сауд Арабиясына, БАЭге чейин, алардын баары, демек, бай жана кедей, баары чогулган. Бул укмуш», — деди Трамп.

АКШ президенти барымтадагыларды бошотуу дүйшөмбү, 13-октябрда же шейшембиде, 14-октябрга белгиленгенин жарыялады. Ал жетишилген макулдашуу Жакынкы Чыгышта узак мөөнөттүү тынчтыктын пайдубалын түптөйт деген үмүтүн билдирди жана «Газа кайрадан курулат» деп убада кылды.

«Биз жети жаңжалды чечтик. Бул сегизинчи. Орус-украин чатагы да жакында бүтөт деп ойлойм», — деди Дональд Трамп.

Буга чейин Ак үй Газа тилкесин жөнгө салуу боюнча 20 пункттан турган планды жарыялаган. Ал эл аралык катышуусу менен убактылуу тышкы башкарууну камтыйт. Египетте бул пландын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөр болду.

Эң көп окулган жаңылыктар