Президент Садыр Жапаров Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында «Борбор Азия — Россия» II саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия ар дайым негизги өнөктөш бойдон кала берерин баса белгиледи. Бул формат ар тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн практикалык курал болуп саналат.
Учурдагы эл аралык кырдаалга токтолгон Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу аймактык маселелерди комплекстүү талкуулоо үчүн өз убагында жана маанилүү экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал бир нече сунуштарды айтты.
«Биринчи саммит өткөрүлгөндөн бери Борбор Азия аймагындагы коопсуздук кырдаалы оң жагына карай кескин өзгөрдү», — деди президент.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Россия Борбор Азия өлкөлөрү үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөш болуп саналат жана товар жүгүртүү жана тартылган инвестициялардын көлөмү боюнча алдынкы орундардын бирин ээлейт.
«Биздин бардык өлкөлөрдө экономиканын өсүш динамикасы, калктын бакубаттуулугунун жогорулашы жана ички рыноктордун көлөмүнүн кеңейиши байкалууда. Россия менен биргелешкен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз», — деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтык товарлардын жылышынын ылдамдыгын жогорулатууга жана өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүү үчүн транспорттук инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
«Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокторго жол ачкан эл аралык транспорттук коридорлордун бир бөлүгү болуп калууда. Региондун транспорттук потенциалын ишке ашырууга жана Россиянын Кытай, Иран жана башка өлкөлөр менен транспорттук байланышын камсыздоого багытталган долбоорлорду ишке киргизүү боюнча биргелешкен ишти күчөтүү зарыл деп эсептейм», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Буга байланыштуу өлкөлөр ортосундагы сооданын, жүк ташуулардын, эң башкысы эмгектенип жаткан жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болгон чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти улантуу маанилүү.
Энергетика тармагындагы кызматташтык контекстинде Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетика секторунда генерацияны өркүндөтүүгө, санариптештирүүгө жана электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга багытталган масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын айтты. Өлкө чакан жана орто ГЭСтерди, кайра жаралуучу энергия булактарын куруу боюнча долбоорлорду баскыч баскычы менен ишке ашырууну активдүү улантууда.
Дагы бир маанилүү багыт — транс чек аралык туризм, ал кеңири жайылууда жана дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген туристтерди өзүнө тартууда. Мамлекет башчысы Кыргызстанда бул тармак тездик менен өнүгүп, экономикалык өсүштүн маанилүү фактору болуп баратканын белгиледи.
Учурда тоо лыжа кластери түзүлүп, жаңы туристтик объектилер курулуп, иштеп жаткандары модернизацияланууда, аэропорттор жана жолдор курулуп, жаңыланууда, анын ичинде Борбор Азиядагы эң ири заманбап жыл бою иштей турган «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курорту да бар, ал заман талабындагы дүйнөлүк стандарттарга жооп берет.
Курчап турган чөйрөнү коргоо маселесине токтолгон Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагындагы уран казуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарды рекультивациялоо боюнча Россия менен эки жактуу жана көп тараптуу ийгиликтүү кызматташууну мисал келтирди.
Президент ошондой эле өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыгы да бекем пайдубал болуп берерин белгиледи.
Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстан өзүнүн союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен достук алакаларды өнүктүрүүгө багытталганын жана бул форматта активдүү саясий диалогду улантууга умтуларын баса белгиледи.