Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча ведомстволор аралык Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) жыйыны өттү. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында ажылык сапарды уюштуруу багытында авиакомпания тандоо маселеси каралып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими кабыл алынды.
Тактап айтканда, 2025-жылдын 8-октябрында өткөн кезектеги жыйында комиссия мүчөлөрү 2026-жылдагы ажылык сапары алкагында Сауд Араб Падышалыгына зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандоо чечимин кабыл алышты. Конкурстун жыйынтыгында, «Flyadeal» авиакомпаниясы жеңүүчү деп табылып, аталган компанияга кыргызстандык 6060 ажылыкка баруучуларды ташуу укугу берилди.
Flyadeal
Сауд Арабиясынын 2017-жылы негизделген жана Сауд Арабиясынын аба жолдору тобуна кирген бул арзан баада авиакомпаниясы Жидда шаарындагы Король Абдулазиз эл аралык аэропортунда жайгашкан. Ташуучу Жакынкы Чыгыш боюнча ички жана эл аралык каттамдарды аткарат жана Airbus A320 жана A320neo учактарынын заманбап паркын сунуштап, жеткиликтүү авиакаттамга адистешкен.