02:19
USD 87.45
EUR 101.55
RUB 1.07

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбе шаарына барды. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысы сапарынын жүрүшүндө «Борбор Азия — Россия» экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле КМШ мейкиндигинде жана «Борбор Азия — Россия» форматында практикалык өз ара аракеттенүүгө кошумча түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерди кароо жана кабыл алуу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар