04:34
USD 87.45
EUR 101.55
RUB 1.07

Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу UWW сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 100 килограммга чейинки D категориясында мекендешибиз финалда америкалык Элвин Риггс менен беттешип, 6:2 эсебинде жеңишке жетти.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар Эсенбек Байматов (78 кг) менен Роман Сарыбаев (88 кг) өз жаш категориясында күмүш медалга ээ болсо, Аскер Эфендиев (130 кг) менен Таалайбек Джанаев (88 кг) коло байгеге ээ болушкан.

Учурда Венгриянын Татабанья шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 12-октябрда жыйынтыкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар