Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылык тобунун башчылыгына талапкерлерди каттоо башталганын билдирди.
Каттоо 8-октябрдан 23-октябрга чейин облустук казыяттар тарабынан өткөрүлөт, деп тактады Муфтиат
Алгачкы тестирлөө сынактары 28-октябрда өтүп, андан ийгиликтүү өткөн абитуриенттер 29-октябрда аңгемелешүүдөн өтөт.
Талапкерлерге талаптар:
- 55 жаштан жогору эмес;
- Маалыматтык технологияларды эркин билүү;
- Ажылык учурунда зыярат кылуучу жайлардын диний маанисин билүү;
- Араб тилин билүү;
- Уюштуруучулук жөндөмдөрү.