04:47
USD 87.45
EUR 101.55
RUB 1.07

Садыр Жапаров: «Кыргызстанда авиациянын жаңы доору башталды»

Кыргызстанда авиациянын жаңы доору башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Манас» аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүү иштери менен таанышып жатканда билдирди.

Мамлекет башчысына «Кыргызстандын эл аралык аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов аэропортту реконструкциялоо пландары менен тааныштырды.

Президент ошондой эле «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын 2023-жылдан бери сатылып алынган жаңы атайын техникасы менен таанышып чыкты.

Андан соң президент Садыр Жапаровго учуп-конуу тилкесиндеги бүткөрүлгөн оңдоо иштери көрсөтүлдү.

Андан соң президент авиация кызматкерлери менен жолугушту. Мамлекет башчысы өз сөзүндө аэропорт — Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы, өлкөбүздүн жүзү экенин белгиледи.

«Дал ушул жерде, аэропортто Кыргызстанга келген ар бир меймандын өлкөбүз тууралуу алгачкы пикири дал ушул жерден калыптанат», — деди ал.

Ал Кыргызстанды чөлкөмдүк авиациялык борборго айлантуу максатын ишке ашыруу аркылуу Борбор Азиядагы эң өнүккөн, атаандаштыкка жөндөмдүү инновациялык тармактарынын бири болоруна бекем ишенимин билдирди.

Учурда «Манас» эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин жана рулеждик жолдорду жаңылоо, жарык берүүчү жана аэродром жабдууларын жаңыртуу, аэробекет комплексин кеңейтүү сыяктуу масштабдуу иштер жүрүп жатат. Буюрса, бул иштер аяктагандан кийин аэропорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эң жогорку III категориясынын талаптарына жооп берет жана Кыргызстандын авиациялык мүмкүнчүлүктөрүн сапаттык жаңы деңгээлге чыгарат. «Манас» аэропорту жакынкы келечекте Борбор Азиядагы эң заманбап авиациялык хабдардын бирине айланат.

Президент акыркы жылдары авиация тармагында болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө кыскача токтолду.

Соңку эки жылда «Кыргызстандын эл аралык аэропорттору» ААК авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө 8 млрд 186 млн сомго жакын өз каражатын жумшады. 3 млрд 356 млн сомго атайын авиациялык техника жана заманбап жабдуулар сатылып алынды. Мындан тышкары, Asman Airlines авиакомпаниясы жалпы наркы 2 млрд 385 млн сомду түзгөн үч Bombardier Dash-8 Q400 учагын сатып алды.

Мамлекет башчысы бул кадамдар улуттук авиациянын ишенимдүү өнүгүп, өз позициясын бекемдеп, эл аралык деңгээлге чыгып жатканын көрсөтүп турганын белгиледи.

Ал жакынкы аралыкта Asman Airlines жакында орто аралыктагы багыттарга уча турган эки заманбап учак сатып алууну пландап жатат. Бул демилге рейстердин жыштыгын көбөйтүп, багыттардын географиясын кеңейтүүгө жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Муну менен авиакомпаниянын эл аралык рыноктогу позициясы бекемделип, Кыргыз Республикасынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

«Биз авиация тармагында реалдуу өзгөрүүлөргө күбө болуп жатабыз. Кыргыз авиациясынын жаңы доору башталды деп ишенимдүү айта алабыз. Биздин аэропорттор заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу борборлорго айланып, дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Мунун баары — элдин ишениминин жана мамлекеттик колдоонун натыйжасы», — деп белгиледи президент.

Ал ошондой эле өлкөнүн аймактарында да чоң иштер жасалып жатканын баса белгиледи. «Ош» эл аралык аэропортунда ири долбоорлор ишке ашырылууда. Белгилүү болгондой, учурда жаңы терминалдык комплекс курулуп жатат, ал бүткөндөн кийин өлкөнүн түштүгүндө жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты кыйла жогорулайт. Келерки жылы аэропортту III категорияга жеткирүү үчүн учуу-конуу тилкесин реконструкциялоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Нарын» жана «Талас» аэропорттору жаңыланып, азыр жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканын белгиледи. «Казарман» аэропорту ишке кирүүгө даярдалды. Өткөн жылы «Каракол» эл аралык аэропорту ачылган, ал «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа базасы менен бирге Ысык-Көл облусунда туризмдин өнүгүшүнө жаңы түрткү берет. «Ысык-Көл» аэропортунда саатына 450 жүргүнчүгө чейин тейлөөгө ылайыкталган жаңы терминалдык комплекс курулууда.

Президент Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы эң ири авиациялык долбоорлордун бири — «Жалал-Абад» эл аралык аэропорту боюнча иштер башталганын белгиледи. Жаңы аэропорттун жанынан өтө турган «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан» темир жолу жана айдын соңунда ачыла турган «Кашгар» аба коридору өлкөбүздүн транзиттик жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кескин кеңейтет. Ал бул долбоорлор Кыргызстанды Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук борборлордун бири болуп, өлкөбүз үчүн жаңы экономикалык, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.

Ошондой эле, президент 2006-жылы Кыргызстан Европа биримдигинин «кара тизмесине» киргизилгенин эске салды. Ал бүгүнкү күндө бул абалды оңдоо боюнча чечкиндүү иштер жүрүп жатканын айтты. Кыргыз авиациясынын өкүлдөрү Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, «кара тизмеден» чыгуунун акыркы этаптарынан ийгиликтүү өтүп жатышат.

Мамлекет башчысы авиация кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн аркасында Кыргызстандын асманы ачык, аба каттамдары коопсуз болуп, өлкөбүздүн эл аралык абырою барган сайын артып жатканын баса белгиледи.

«Сиздердин эмгегиңиздер — Кыргызстандын келечегине кошкон олуттуу салым. Сиздерге бүткүл элдин атынан терең ыраазычылык билдирем. Мамлекет мындан ары да авиация тармагын колдоого алат», — деп билдирди президент.

Президент Садыр Жапаров учурдан пайдаланып, авиация кызматкерлерин өтүп кеткен Жарандык авиация күнү менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөсүнө бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар