Бишкектин айрым аймактарында бүгүн, 9-октябрда эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, өнөр жай объекттерине ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Муздак суу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакка өчүрүлөт:
Манас проспектиси;
Ала-Арча дарыясына чейинки темир жол линиясы;
Бөкөнбаев көчөсү;
Кулиев көчөсү;
Москва көчөсү;
Дмитров көчөсү;
Орозов көчөсү;
Казаков көчөсү;
Дэн Сяопин проспектиси;
Жибек Жолу проспектиси;
Жаш Гвардия бульвары;
Михаил Фрунзе көчөсү;
Турусбеков көчөсү;
Чүй проспектиси.
Суунун өчүрүлүшү «Батыш 2» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу болууда.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундардан жана мекеме-ишканалардан кечирим сурап, алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат.