Эртең, 9-октябрда Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +16 ... +21,
Талас жергесинде +15... +20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +20... +25,
Ысык-Көлдө +15 ... +20,
Нарында +12... +17 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +19... +21 градуска жетет.