Жусупов Эрнест Ысакович өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эрнест Жусупов 1982-жылы туулган. 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Ал эми аскердик билимин 2016-жылы Россия ӨКМинин Жарандык коргонуу академиясынан алган.Аскердик наамы: подполковник.
Буга чейин ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.
Сыйлыктары:
ӨКМдин «Мыкты аскердик кызматы үчүн» II даражадагы медалы — 2017-жыл;
ӨКМдин «Мыкты аскердик кызматы үчүн» II даражадагы медалы — 2023-жыл;
ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн медалы — 2022-жыл;
Жазаралды аткаруу кызматынын «Устат» медалы — 2024-жыл.