30-сентябрда айланма жолдон оодарылып кеткен Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тез тарап кеткен.
«Көрсө, жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калган. Башка унаалар менен кагылышуудан жана олуттуураак кооптуулукту жаратпоо үчүн айдоочу каршы тилкеге чыгууга аргасыз болуп, анын кесепетинен оодарылып кеткен. Айдоочу менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», — деп билдиришти милициянын Кайгуул кызматы.
Окуяда жабыркагандар болгон жок. Кайгуул кызматы айдоочуларга айдоо алдында унааларынын техникалык абалын текшерип, жол кыймылынын эрежелерин сактоону эскертти.