Президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата 2028-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, 2028-жылы улуттук жана эл аралык деңгээлде ар түрдүү маданий, илимий жана адабий иш-чаралар өткөрүлөт. Бул иш-чаралар улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын даңазалоого, ошондой эле жаш муундарга анын гуманисттик идеяларын кеңири жайылтууга багытталат.
Чыңгыз Айтматов — дүйнөлүк адабиятта кыргыз элин жана маданиятын тааныткан залкар жазуучу. Анын чыгармалары 170тен ашык тилге которулган жана дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жогорку баага ээ болгон. 2028-жылы улуу жазуучунун туулгандыгына 100 жыл толот.