15:43
USD 87.45
EUR 102.03
RUB 1.06

Ак-Суудагы мугалимдердин ден соолук борбору мамлекетке кайтарылды

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы . Ак-Суудагы мугалимдердин ден соолук борбору

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мугалимдер үчүн курулган Ак-Суу ден соолукту чыңдоо борборун мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылындагы ден соолукту чыңдоо борбору Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу болгон. 2012-жылы Борбордук Комитеттин мурдагы жетекчилиги жеке адамга сатып жиберген.

Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында УКМК борбордун жалпы баасы 54 миллион 118 миң 630 сомду түзгөнүн аныктаган.

Учурда Ак-Суудагы ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин карамагына өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар