04:59
USD 87.45
EUR 102.02
RUB 1.06

Сүйүнчү! Аяна Асамаликова КМШ оюндарында алтын утуп алды

Социалдык тармактардан алынды
Фото Социалдык тармактардан алынды. Аяна Асамаликова КМШ оюндарында алтын утту

Азербайжандын Гянджа шаарында кыргызстандык спортчу Аяна Асамаликова Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу турнирдин уюштуруучулары билдирди.

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеш 3-6-октябрда өтүп, Асамаликова 69 килограмм салмакта жеңишке жетти.

Мындан тышкары кыргызстандык балбандар Асема Төрөгелдиева (53 кг), Сезим Жолдошбекова (57 кг), Акылай Чыныбаева (61 кг) коло медалга ээ болушту.

КМШ оюндарында Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасын машыктыруучу Нурсултан Аскарбеков жетектеди.

Эң көп окулган жаңылыктар