Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, тармакта олуттуу өсүш жана ийгиликтерди белгиледи. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Адылбек Касымалиев авиация тоолуу өлкөнүн аймактарын бириктирип, тышкы дүйнөгө жол ачып жатканын баса белгиледи. Ал жарандык авиациядагы негизги жетишкендиктерге жана долбоорлорго токтолду:
- «Талас», «Каракол», «Нарын» жана «Казарман» аэропорттору пайдаланууга берилди.
- «Манас» аэропортунда модернизация иштери жүрүп жатат.
- «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунда жаңы терминалдар курулууда.
- Өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхындагы эң ири долбоор болгон Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропортунун курулушу башталды.
Мындан тышкары «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен өлкөнүн авиация паркын жаңы аба кемелери менен толуктап, «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы үчүн «Бомбардиер Даш-8» (Bombardier DASH 8 Q400) үч аба кемеси менен толуктап, ички жана региондор аралык каттамдардын жыштыгын көбөйтүү менен Кыргызстандын аба ташуу тармагындагы позициясын чыңдап жатат. Учурда Кыргызстанды Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгаруу боюнча акыркы этап жүрүп жатат. Дал ушул күндөрү өлкөбүздүн делегациясы Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, бул маселени талкуулоодо. Жакынкы келечекте Европа асманы кыргыз авиакомпаниялары үчүн кайрадан ачылары күтүлүүдө.
Биздин алдыбызда чоң милдеттер турат: аэропортторду модернизациялоону аяктоо, эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүү, Кыргызстанды Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыңдоо жана жаңы муундагы жогорку квалификациялуу авиация адистерин даярдоо.
Авиация — бул өлкөнүн биримдигинин символу, жарандар үчүн ыңгайлуулук, туристтер үчүн ачыктык жана мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн символу. Ардактуу авиация кызматкерлери жана ардагерлер, баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Асманыңыздар дайыма ачык, учушуңуздар ишенимдүү, бийиктигиңиздер жаңы болсун!".