14:08
USD 87.45
EUR 102.03
RUB 1.06

Зарина Чимирова Токмок шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болду

Токмок шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Зарина Чимырова дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бул дайындоо ведомствонун өтүнүчү менен болгон.

Зарина Чимырова 1980-жылдын 6-мартында Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.

Ал 2011—2014-жылдары Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын юриспруденция багыты боюнча аяктап, юрист адистигине ээ болгон. Мындан сырткары, 1997—2003-жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин менеджмент адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолун 2003-жылы Чүй облустук мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык борборунда баштап, кийин иш кагаздарын жүргүзүүчү, жер ресурстары боюнча жетекчи адис болуп иштеген. 2005-жылдан бери Токмок шаарынын маданият бөлүмүндө ар кыл кызматтарды аркалаган.

Эң көп окулган жаңылыктар