Арслан Койчиевге Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча президенттин атайын өкүлү макамы ыйгарылды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.
Документке ылайык, ага чет өлкөлүк өнөктөштөрдү, эл аралык уюмдарды, чет элдик маданияттын, искусствонун жана илимдин абройлуу өкүлдөрүн, коомдук ишмерлерди, башка тармактардын көрүнүктүү ишмерлерин форумга катышууга чакыруу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш-чараларды координациялоо ыйгарым укук берилген.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл форуму 2026-жылы өткөрүлөт. Ал 1986-жылы көрүнүктүү гуманист жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, дүйнөлүк саясаттагы маданияттын ролу жана дүйнөлүк тарыхый жоопкерчилик жөнүндө терең жана чынчыл диалог үчүн ачык аянтча катары негизделген.