00:10
USD 87.45
EUR 102.95
RUB 1.05

УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, курулуш компаниясынын директорун кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» партиясынан мурда депутат болуп келген «Береке Констракшн Компани» ЖЧКсынын директору С.У.Ч кармалганын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы . Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында С.У.Чга карата кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 4-апрелинде С.У.Ч. менен жаран А.А. ортосунда көп кабаттуу турак үй куруу боюнча үлүштүк катышуу келишими түзүлгөн. Аталган келишимдин негизинде А.А. Ош шаарынан жалпы аянты 45 сотых болгон жер тилкесин курулуш үчүн берген.

Келишимдин шарттарына ылайык, курулуш иштери аяктагандан кийин курулуш компаниясы 2750 чарчы метр турак жай аянтын А.А.га өткөрүп берүүгө милдеттенген. Бирок тергөөнүн маалыматына караганда, С.У.Ч. өзүнүн кызматтык жана жеке таасирин пайдаланып, келишимдик милдеттенмелерди аткарган эмес жана жер тилкесин өзүнүн атына мыйзамсыз каттатып алган.

Аталган факт боюнча С.У.Ч.га карата өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айып тагылып, тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Сулайман Урманбетович Чекиров

1976-жылы туулган. «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын (2015–2020) депутаты болгон. Ал Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетте иштеген.

Депутаттык мөөнөтү аяктагандан кийин ишкерликке кайтып, «Береке курулуш компаниясы» ЖЧКсын жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар