Ысык-Көлдө яхталар(парустуу кеме) курула турганын Кыргызстандын Түркиянын Анталия шаарындагы башкы консулдугу билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн жээгинде парустуу кеме куруучу завод курулат. Тиешелүү келишимге кыргызстандык «Ысык-Көл Круиз» жана түркиялык E2 Denizcilik Yachts компаниясы кол коюшту.
Документте деңиз туризми боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү жана Ысык-Көлдө жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүү каралган.