Эртең, 24-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаап, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26;
Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29;
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22.
Бишкек шаарында түнкүсүн 9...11°, күндүз 24...26° жылуу болот.