Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун тексти:
«Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Улутубуздун башкы сыймыгы, ата-бабаларыбыздын улуу табериги — кыргыз тилибиздин мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 36 жыл толду.
Бул мезгил аралыгында өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруусунда, сот өндүрүшүндө, дегеле коомдук чөйрөнүн бардык тармактарында кыргыз тили колдонулуп келет.
Эгемен мамлекетибиздин эң башкы белгиси болгон кыргыз тилибиздин көөнөлүгүн, көркөмдүгүн, нукуралыгын сактоо жана анын келечегине кам көрүү, андан ары өнүктүрүү — учурдун талабы жана кечиктирилгис милдет болуп эсептелет.
Өткөн жылы өлкө башчыбыз Садыр Жапаров кабыл алган «Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолу жөнүндө» жарлыгынын артыкчылыктуу багыттарынын катарына мамлекеттик тилдин киргизилиши — тил саясаты өлкөнүн өнүгүү стратегиясынын өзөгүндө тургандыгынын айкын далили.
Бул багытта мамлекеттик тилибизге байланыштуу укуктук базаны чыңдоо максатында бир топ ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, мыйзамдар кабыл алынды, мамлекеттик кызматчылардын тил билүү деңгээлин аныктоо боюнча иш-аракеттер ырааттуу жүргүзүлүүдө.
Жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу кыргыз тилин заманбап шартта өнүктүрүү, жаш муундун тилге болгон кызыгуусун арттыруу максатында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан «Санарип Кыргызстан» концепциясынын алкагында кыргыз тилинде жасалма интеллект өнүмдөрү иштелип чыгып, «АЙТИЛ — акыл ачкычы» порталы ишке киргизилди. Кыргызча тил үйрөнүү платформалары, аудио-видео сабактар жана автоматтык котормо системалары даярдалып, коомчулуктун пайдалануусуна берилди.
Ошондой эле иш кагаздарын бирдейлештирүү жана санариптештирүү багытында мамлекеттик тилде 700дөн ашык үлгү иштелип чыгып, коомчулукка сунушталды. Учурда мамлекеттик органдардагы документтердин 70 пайызы кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик кызматчылардын кыргыз тилин билүүсүн Кыргызтест аркылуу аныктоодо эне тилибиздин колдонуу көрсөткүчү жыл өткөн сайын жогорулап баратканы баса белгилөөгө арзыйт.
Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүгө байланыштуу «Кыргызча оңой/Easy kyrgyz» тиркемесинин тил үйрөнүү платформасы, видеосабактар, бир катар тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, алардын жайылтылышы, жаңы энциклопедиялык материалдардын электрондук базага киргизилиши сыяктуу алгылыктуу аракеттер жасалууда.
Урматтуу мекендештер!
Биз — ар бир кыргыз жараны кыргыз тилин билүүгө, бапестеп күтүүгө, андан ары өркүндөтүүгө тийишпиз!
Себеби мамлекет башчыбыз баштаган жаңы Кыргызстанды куруу жолунда кыргыз тили жамы журтубуздун баарлашуусунун, илим-билимдин, жаңы технологиялардын тилине айланып, алдыда туу катары жүрүшү керек.
Эне тилин сыйлаган эл эч качан кор болбойт. Кыргыз тилин билүү жарандык жоопкерчилик жана мамлекетке көрсөткөн сый, өзүбүзгө болгон урмат, келечек муунга калтырар белек экенин сезе билели.
Баарыңыздарды мамлекеттик тилин билген кыргыз жараны деген сыймыктуу атты алып жүрүүгө чакырам.
Мамлекеттик тил майрамыңыздар кут болсун!"