Кыргыздын улуттук ыйыгы болгон «Манас» үчилтигин кенже курактан баштап балдарыбызга окутуп-үйрөтүү максатында "Манас","Семетей" жана «Сейтек» китептери басылып чыкты. Бул тууралуу китептин автору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, бөбөктөр жана жеткинчек курактагы балдар үчүн Манас эпопеябызды жеткирүү аракети ишке ашып отурат. "Манас","Семетей" жана «Сейтек» бөлүгүнүн өзөк окуяларын камтып, кенже балдардын курагына ылайыктап, сүрөттөр менен коштоп басмадан чыкты.
Эске салсак, китепти түзүүгө С.Рысбаев, К.Самаков, А.Бекбоева Т.Рысбаев жана К.Искендеровалар катышкан.