18:49
USD 87.45
EUR 103.22
RUB 1.05

Чүй облусундагы эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды

Аламүдүн районундагы Полевое айылында жайгашкан Владимир Ленин атындагы эмгек жана эс алуу лагери Чүй облусунун менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат борбору билдирди.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. Чүй облусундагы эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды
Маалыматка ылайык, аталган объект жана анын жанындагы 3,22 гектар жер тилкеси мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, менчик ээси социалдык объектиге өзүнүн мыйзамсыз негизде ээлик кылып пайдаланып келгендигин мойнуна алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун А.Сыдыков айыл аймагынын балансына өткөрүп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар