23:15
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Эртең ЖК депутаттары өзүн-өзү таратуу маселесин карайт

Эртең, 23-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутаттар өзүн-өзү таратуу маселесин карайт.

Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышын өзүн-өзү таркатуу сунушу жөнүндө» деген маселе бар. Баяндама менен депутат Улан Примов чыгат.

24-kg.com агенттигинин өздүк булактарынын маалыматына караганда, депутаттар 25-сентябрда, бейшемби күнү өзүн-өзү таратуу тууралуу жарыя кылышы мүмкүн.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча түшүндүрмө берип жатып, процедура аягына чыгып, чечим депутаттардын көпчүлүгүнө жараша болорун билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар