23:45
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Июлда Кыргызстанга акча которуулар 317,7 миллион долларды түздү

Июль айында Кыргызстанга 317,7 миллион доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, эң көп которуу КМШ өлкөлөрүнөн келип, 298,4 миллион долларды түздү. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн акча которуулар 19,3 миллион доллар болгон.

2025-жылдын июль айынын аягында Кыргызстандан 41,3 миллион доллар которулган.

Анын 39,5 миллион доллары КМШ өлкөлөрүнө, 1,8 миллиону алыскы чет өлкөлөргө жумшалган.

Эң көп окулган жаңылыктар