Жалал-Абад шаарында "Токтогул" сейил багында тойдо учурунда массалык мушташ чыкты. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, мушташтын 17 катышуучусу милицияга жеткирилген. Бирок алардын баары бири- бирине арыз доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан жана соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.
Укук коргоо органдары тергөө иштери уланып жатканын такташкан.
Буга чейин Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүү мыйзамы кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо бул тургундарга жоопкерчилик жүктөөрүн баса белгилеген. «Келечекте Манас сойкулары, коррупционерлер, зордукчулар тууралуу интернетте эч кандай жаңылык болбошу керек. Тургундар үлгү болуп, Манастын аброюн дагы да көтөрүшү керек», — деди ал.