
Президент Садыр Жапаров «Ала-Арча» резиденциясында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өкмөт башчыларын жана вице-президенттерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин биринчи жолугушуусу Уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүү баскычын билдирген тарыхый окуя болуп саналат.
Президент Садыр Жапаров делегация башчыларын жылуу тосуп алып, Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөндөн бери бир топ жолду басып өткөнүн жана бүгүнкү күндө ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.
"Уюмубуздун мындан ары да өнүгүшүн кааласак, ушул сыяктуу жолугушуулардай конкреттүү жана реалдуу натыйжаларды алып келе турган иш-аракеттерди жүзөгө ашырышыбыз керек.
Өз кезегинде делегация башчылары жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдиришип, кыргыз тараптын бул жолугушууну өткөрүү демилгесин мамлекет башчылары койгон милдеттерди ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча катары баалашты.
Жолугушууга Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.