Бишкектин жолдору 21-сентябрда Бишкек «Ак илбирсти сактайбыз — 2025» кайрымдуулук марафонуна карата убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Саат 6:30дан 13:00гө чейин жолдордун төмөнкү тилкелери кыймыл үчүн убактылуу жабылат:
Чүй проспектиси (Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин);
Абдрахманов көчөсү (Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин);
Иманалиев көчөсү (Абдрахманов көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин);
Масалиев көчөсү (Абдрахманов көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин, түндүк тарабы);
Чыңгыз Айтматов проспектиси (Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин).
Шаар бийлиги айдоочуларга каттамдарды алдын ала пландап, чектөөлөрдү эске алууну сунуштоодо.