22:37
USD 87.45
EUR 103.44
RUB 1.05

Садыр Жапаров: «12 жылдык билим берүү системасы -бул глобалдык зарылчылык»

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров: «12 жылдык билим берүү системасы -бул глобалдык зарылчылык»

Кыргызстан билим берүү тармагын түп-тамырынан жаңылоого киришти. Аны менен кошо мектептерде окуучулардын көптүгү, мугалимдердин тартыштыгы жана жаңы окуу куралдарынын жетишсиздиги 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу деген сындар айтылууда. Бул маселеге президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде токтолду.

«Бул көйгөй 12 жылдык окууга өтүү менен байланыштуу деген туура эмес. Мындай маселе 12 жылдык билим берүүгө чейин эле болуп келген. Мурунку жылдары 140-150 миң бала мектепке кабыл алынса, быйыл 1-2-класстарга 227 миң бала кабыл алынды — бул эки эсе өсүш. Буга чейин деле «нулевой» класска бир жыл бою 100 миңдин тегерегинде бала окуп келген», -деди Садыр Жапаров

Президенттин айтымында негизги жүк Бишкекке түшүп жатат. Бул ички миграция жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн туруктуу каттоонун жоктугу менен байланыштуу. Муну менен балдардын агымын алдын ала болжолдоо кыйын болууда. Урбанизация жана демографиялык өсүш темпи жогору. Биз пландын негизинде иш алып барып жатабыз. Жаңы мектептерди куруп, келечектеги курулуш инвестицияларын биринчи кезекте Бишкекке багыттайбыз.Иштеп жаткан мектептерди кеңейтип жана оңдоп жатабыз, убактылуу кошумча класстар бала бакчаларда ачылууда.

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө 12 жылдык билим берүү системасы дүйнөлүк стандарт болуп эсептелет. Бул система 180ден ашык өлкөдө колдонулуп келет жана анын натыйжалуулугу буга чейин эле далилденген.

Садыр Жапаров
Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров: «12 жылдык билим берүү системасы -бул глобалдык зарылчылык»

Президенттин айтымында, азыр өлкө боюнча 93 миңден ашык мугалим эмгектенүүдө, алардын ичинен 87 миңден көбү мамлекеттик мектептерде. Албетте, мугалим жетишпеген учурлар бар. Себеби эмгек акынын аздыгы, бирок бул көйгөй акыркы жылдары кыйла азайды.

Маселен, мага берген маалымат боюнча быйылкы окуу жылдын башында мугалимдер жетишпестиги 947ни түздү, мурдагыдай 2,5 миң эмес. Бул — биздин системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы. Эмки жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдер менен медиктердин эмгек акысын көтөрөбүз. Ошондон кийин бул көйгөй чечилет.

Мындан тышкары Садыр Жапаров окуу китептерине байланыштуу да пикирин билдирди.

«Окуу китептери ар дайым жетишпеген өлчөмдө каржыланып келиптир. Ал дагы донорлордун акчасына, китептерди жеке менчик басма үйлөрү чыгарып келген эле. Тендердеги коррупцияны айтпай эле коеюн. Эми мындан ары андай болбойт.

«Учкун» басмаканасынан сапаттуу, талапка жооп берген окуу китептери чыгат. Азыр эң мыкты делген дүйнөлүк алдыңкы китептерди сатып алууга, адаптация кылууга, мамлекеттик менчикке айландырууга кудуретибиз жетет.Көп жылдардан бери биринчи жолу туруктуу каржылоо киргизилди: жаңы муундагы окуу китептерин массалык чыгарууга 744 млн сом бөлүндү. Биз жаңы программалар жана мамлекеттик билим стандарттарына ылайык 1–2 жана 5—7-класстар үчүн толук комплекттерди түзүп жатабыз.

Менде бар маалыматка караганда, 3—9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып, өлкө боюнча бардык мектептерге жеткирилди. Учурда 1, 2, 5, 7 — класстар үчүн «Математика» жана «Табият таануу. Мен жана дүйнө» китептери басылып жатат», -деди

Сөзүнүн акырында президент коомубуз биримдик көрсөтүп, сабырдуулук менен чыдап, Агартуу министрлигинин аракеттерин сындап отурбастан тескерисинче колдоо гана көрсөтүшүбүз керектигин баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар