18:37
USD 87.45
EUR 103.44
RUB 1.05

Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөйт

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Кыргызстан менен Түркиянын негизги максаты — жакынкы жылдарда соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынынын жыйынтыгында билдирди.

Анын айтымында, бул милдетти ишке ашыруу үчүн эки тарап бардык күч-аракеттерди жумшоого макулдашты.

Түркия көп жылдан бери Кыргызстандын тышкы соода жана инвестиция тармагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп келет. Биз түрк инвесторлоруна ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана алардын ишмердүүлүгү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз.

Мындан тышкары соода, инвестиция, энергетика, өнөр жай, инновациялар жана башка маанилүү тармактарды камтыган кеңири маселелер талкууланып, өзгөчө көңүл бурулган маселе — мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышы болду.

«Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча кызматташтыктын жаңы тармактары аныкталып, аларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча так кадамдар макулдашылды. Адам ресурстары жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык дагы өз маанисин сактап турат. Бул багыттар биздин элдерибиздин ортосундагы бекем байланыштарды жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого негиз түзөт деп ишенем. Ушул багытта Кыргыз-түрк «Манас» университетинин ишмердүүлүгүн өзгөчө канааттануу менен белгилеп кетем. Ал биздин өлкөлөрдүн өнөктөштүгүнүн айкын символу болуп саналат» — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар