18:37
USD 87.45
EUR 103.44
RUB 1.05

Депутат аялдар жана балдардын укугун коргоого өзүнчө агенттик түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында Акыйкатчынын 2024-жылдагы адам укуктарын коргоо боюнча баяндамасынан кийин депутат Шарапаткан Мажитова аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча өзүнчө мамлекеттик орган түзүүнү сунуштады.

«Президенттин алдында зордук-зомбулукка жана башка мыйзам бузууларга байланышкан бардык иштерге жооп бере турган министрлик же комитет болуп калса жакшы болмок. Мындай жооптуу орган жок болгондуктан, зомбулук фактылары дагы эле көп болуп жатат. Өзгөчө резонанстуу окуялар болуп кетсе, алар үчүн жооп бере турган эч ким жок», — деди депутат.

Ал Казакстанда мурдагы министр аялын өлтүргөн окуяны мисал кылды. Бүтүндөй өлкө сот жараянын көзөмөлдөп, акыры кылмышкерге адилеттүү жаза берилди.

«Адам өлтүрүү фактылары көп. Бирок сот системасында реформа болбогондуктан соттун адилет чечими чыкпай жатат», — дейт Шарапаткан Мажитова.

Акыйкатчынын баяндамасына ылайык, Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли өсүүдө. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган (салыштырмалуу 2023-жылы 13 104).

Эң көп окулган жаңылыктар