Кыргызстандагы «Жылдын мыкты мугалими» наамы үчүн 118 мугалим 18 номинация боюнча ат салышат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы сынакка бардык облустардагы, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мектептеринин мугалимдери катыша алат.
Жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык сынак мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин профессордук-окутуучулук курамынын чыгармачылык ишин өнүктүрүү, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, билим берүүнүн коомдогу кадыр-баркын чыңдоо максатын көздөйт.
Конкурстун финалдык этабы 2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында өтөт. Финалга чыккан мугалимдер кесиптик чеберчилигин, чыгармачылык жөндөмүн жана заманбап билим берүү усулдарын колдонуудагы тажрыйбасын көрсөтүшөт.