22:37
USD 87.45
EUR 103.44
RUB 1.05

Быйыл Кыргызстанга чет өлкөдөн 327 жарандын сөөгү алынып келинди

2025-жылдын январынан сентябрына чейин Кыргызстандын 327 жаранынын сөөгү чет өлкөдөн Кыргызстанга алынып келинген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бакыт Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун 225и Орусиядан, 10у АКШдан алынып келинген. Калган учурлар башка өлкөлөрдөн алынып келинген.

Бакыт Кудайбердиев белгилегендей, 2021-жылдан тарта сөөктөрдү ташуу чыгымдарын мамлекет толугу менен көтөрөт. Баасы мамлекетке жараша өзгөрөт: АКШдан 13 миң доллар, Орусиядан 70-120 миң рубль, Түркиядан 1200 доллар, Казакстандан 300 доллар.

Кошумчалай кетсек, агенттиктин маалыматы боюнча, учурда Орусиянын кара тизмесинде 84 миңдей кыргызстандык бар, ал эми дагы 70 миңге жакыны Орусия Федерациясында мыйзамсыз жашагандардын тизмесинде болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар