Бишкекте аптанын экинчи жарымы дагы ачык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
18-сентябрда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн абанын температурасы +9 градуска чейин төмөндөсө, күндүз абанын температурасы +20 градуска чейин гана жылыйт.
19-сентябрда жаан жаап, түнкүсүн +8 градус жылуу болушу күтүлөт. Күндүз +21 градус жылуу болот.
20—21-сентябрда ала булут каптайт. Түнкүсүн бир аз суук болуп — +6 градуска чейин жылуу болсо, күндүз термометр +26 градуска чейин көтөрүлөт.