Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, сапардын алкагында Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу болот.