Токтогулда окуяга күбө болгондор шаардагы мектептердин биринин футбол талаасында пайда болгон куюнду видеого тартып алышкан.
Кадрларда чаңдын уюлу менен шамалда куюн талаанын ортосунда айланганын көрүүгө болот. Бирок мектеп окуучулары жашынуунун ордуна куюндун ичине киришкен. Бактыга жараша шамалдын агымы катуу болбогондуктан, жабыркагандар болгон жок.
Адистер кичинекей куюн да кооптуу экендигин эскертет. Айлампанын ичине кирүү жаракатка алып келиши мүмкүн. Ал эми куюндун катуу агымы таш, чаңдарды дагы абага сапырат.
Мугалимдерден жана ата-энелерден балдарга жаратылыштын мындай кубулуштары ойноого болбой тургандыгын, айрыкча кооптуу, коркунуч экенин түшүндүрүп берүүсүн суранышат.