Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин өзүн-өзү таркатуу боюнча пикирин билдирди.
«Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу процедурасынан өтүп жатат, аны эл ар кандай чечмелеп жатат. Төрага катары айткым келет, эч бир тышкы күч, президент же министрлер кабинети мыйзам боюнча парламентти тарата албайт, парламент өзүн-өзү таратууга гана укуктуу», — деди ал.
Төрага жүйөлүү себептер айтылганын, демилгелүү топ буга чейин кол топтоп, ага кайрылуу жөнөткөнүн белгиледи.
" Демилгеге 32 депутат кол койду. Мен тийиштүү тапшырмаларды берип, бул багытта иш башталды. Мен базаны карап чыктым. ЖКнын 7-чакырылышынын конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын күзүндө бүтүшү керек болчу. 2026-жылдын ноябрында парламенттик шайлоо өтүшү үчүн президент Жарлыкка августта кол коюшу керек. Ал эми Жогорку Кеңеш 2026-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоо күнүн бекитиши керек. Президент менен депутаттарды шайлоо бирге өтөт экен. Мындай ири эки иш-чара саясий жана экономикалык маселелерди жаратат", — деди ал.
Ал кошумчалагандай, процедура аягына чыгып, чечим көпчүлүк депутаттардын пикирине жараша болот.