12:29
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Бүгүн Ысык-Көл облусунда жер титирөө болду: сезилген жок

Бүгүн, 17-сентябрда Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 4.01де катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында (Жетим Бел кырка тоосу) Кажы-Сай айылынан 42 чакырым түштүк-чыгышты карай, Каракол шаарынан 115 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү өлкөнүн калктуу пункттарында сезилген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар