21:36
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, этика ченемдерин аткарбагандыгы түрүндөгү жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичке катуу сөгүш берилди», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар