20:50
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Кыргызстандагы футбол мелдештердин байге фонду 230 миң долларга чейин көбөйдү

Кыргызстандын футбол биримдигинин аткаруу комитети өлкөдөгү негизги клубдук мелдештердин байге фондун бир топ көбөйтүүнү чечти. Бул тууралуу аталган бирикменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул максатта 2025-жылы 230 миң доллар бөлүндү.

Байге фондуларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

Кыргыз Республикасынын Жогорку лига клубдары арасындагы чемпионатынын жалпы байге фонду 150 миң долларды түзөт. Чемпион болгон командага 70 миң доллар, экинчи орунду алган командага 50 миң доллар, ал эми үчүнчү орунга татыган командага 30 миң доллар ыйгарылат.

Кыргызстандын кубогу — 50 миң доллар (кубок ээси үчүн).

Кыргызстандын суперкубогу — 30 миң доллар (Суперкубок ээси үчүн).

Бул демилге улуттук турнирлердин аброюн көтөрүүгө, атаандаштыкты күчөтүүгө жана футбол клубдарын кошумча шыктандырууга багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар