Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүп жатканын, буга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоосу мүмкүн экенин эскертет.
ӨКМ жарандарга кайрылат:
— бул күндөрү тоодо, жаратылышта жана дарыя жээктеринде эс алуудан алыс болуу;
— жамгыр сууларынын эркин өтүшүн камсыз кылуу үчүн сугат арыктарын жана каналдарын тазалоо;
— суу каптоо коркунучу бар жерлерде өзгөчө этият болуңуз.
Өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз же кырсык учурунда «112» кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.