18:35
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Президент Садыр Жапаров Токмокто Ислам академиясын ачты

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Президент Садыр Жапаров Токмокто Ислам академиясын ачты

Чүй облусунун Токмак шаарында Ислам академиясынын салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы окуу жайдын ишке кириши билим берүү жана дин тармагында жаңы этаптын башталышы экенин белгиледи. Академия илимий изилдөөлөрдүн, руханий өсүштүн жана салттуу ислам баалуулуктарын жайылтуунун аянтчасына айланат.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Президент Садыр Жапаров Токмокто Ислам академиясын ачты
Садыр Жапаров архивдик булактардагы маалыматтарды келтирүү менен, Борбор Азияда «ислам ренессансынын» жаралышына Сиражудин Аль-Оши, Имам Серахси-Узгенди, Кадыйхан Узгенди, Жусуп Баласагуни, Махмуд Кашгари-Барскани ж.б. ата-бабаларыбыз өз салымдарын кошконун дүйнө жүзү жакшы билерин белгилеп өттү.

«Азыр биз турган жерде Бурана мунарасы менен таанылган, Улуу Жибек жолунун боюндагы береке-куту төгүлгөн бул аймактан кезинде адеп-ахлак баалуулуктарын, илим жана билимди, ислам маданиятын бийик деңгээлге көтөргөн улуу ойчул бабабыз Жусуп Баласагын жашап өткөн эмеспи», — деди президент.

Ислам академиясы теология жана дин таануу багытында жогорку деңгээлдеги билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана диний багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга багытталган алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайы катары мамлекет башчысынын жарлыгы менен түзүлгөн.

Кампустун аянты 2 га түзөт, анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатакана бар. Академия 400 студентке ылайыкталган.

Мамлекет башчысы белгилегендей, академиянын негизги миссиясы — сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү ислам каржылоосунун актуалдуулугун эске алганда, академияда ислам финансылык системалары, ислам банкинги жана экономикалык долбоорлор боюнча билим берүү программалары да иштелип чыгат.

Бул контекстте мамлекет башчысы маанилүү милдеттерди белгилеп өттү:

1. Диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;

2. Илимий-изилдөө, методикалык, эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзүү;

3. Жогорку квалификациялуу теолог-адистерди даярдоо;

4. Диний уюмдардын өкүлдөрүнүн мамлекет алдындагы милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткарышын камсыздоо сыяктуу милдеттер турат.

«Буга чейин жаштарыбыздын диний билимин тереңдетүүгө мынчалык шарттар түзүлгөн эмес. Эми минтип, салттуу исламды сапаттуу окута турган академиялык жогорку билим берүү жайы ачылып олтурат. Мындан ары илим издеп, чет өлкөлөп окуунун анчалык деле зарылчылыгы жок. Андыктан биздин келечегибиз болгон жаштарыбызды өзүбүздөн — дүйнөлүк стандарттарга жооп берген Ислам академиясынан билим алууга чакырат элем», — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар