22:13
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Бишкекте ханзаада Ага Хан V менен кызматташуунун жаңы долбоорлору талкууланды

Борбор калаадагы «Ынтымак Ордо» комплексинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен өлкөгө иш сапары менен келген ханзаада Рахим Ага Хан Vнын жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана социалдык өнүктүрүү тармагындагы маселелерди талкуулашты. Адылбек Касымалиев ханзаада Рахим Ага Хан Vди жылуу кабыл алып, ага өлкө президенти Садыр Жапаровдун атынан салам айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү зор ролун, өзгөчө анын экономиканын түрдүү тармактарында жана социалдык чөйрөдө маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымын белгиледи.

Минкаб төрагасы ошондой эле Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин ишмердүүлүгүнө токтолду, анын айтымында, ал Кыргызстандын жана бүткүл региондун жаштарына сапаттуу билим алуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Борбор Азия университетинин өлкөнүн алыскы тоолуу аймактарынын өнүгүшүнө салым кошуп, Нарын облусунун социалдык-экономикалык тармагына тийгизген оң таасири белгиленди.

Өз кезегинде Ханзаада Рахим Ага Хан V жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы менен жемиштүү кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдирди.

Андан соң архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгына арналган жаңы почта маркасын мөөр басуу аземи болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Уюмдун кызматташтыгына канааттангандыгын билдиришип, мындан ары ар кандай багыттар боюнча өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Эң көп окулган жаңылыктар