03:17
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Ташиевдин атын жамынып: Кыргызстанда УКМКнын мурдагы кызматкери кармалды

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, Кыргыз жаранына кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу аныкталды. Бул тууралуу аталган мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Аталган факты боюнча Аскердик прокуратурасы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

24-июль күнү, кылмыш ишинин алкагында шектүү кармалып, ага опузалап пара талап кылууга жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка УКМКнын мурдагы кызматкеринин катыштыгы аныкталып, ал 130 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда кармалып, тиешелүү айыптар тагылды.
Эң көп окулган жаңылыктар