Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 9-14-сентябрь аралыгында 24 220 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен:
тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 1 660;
мас абалында унаа башкаруу — 342;
унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 186;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 100;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 942;
авто ээнбаштык — 23;
белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 461;
жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 11 020;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 484 унаа айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.